# 7362-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7362-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7362

---

1. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатты өз ыктыярына жараша пайдаланат.

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдалануу шарты менен түзүлсө (максаттуу кредит), карыз алуучу кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн кредит берүүчүгө камсыз кылууга милдеттүү.

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттүүлүктөр бузулганда, кредит берүүчү, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7361)  
Кийинки берене: [7363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7363)
