# 7361-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7361-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7361

---

1. Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөй тургандыгын айкын күбөлөөчү жагдайлар болгондо, кредит берүүчү карыз алуучуга келишимде каралган кредитти толугу менен берүүдөн же анын айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредит берүүчү кредиттик келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Кодекстин 7362-статьясынын 3-пунктунда каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Карыз алуучу кредиттик келишим түзүлгөндөн кийинки жана акчалай каражаттарды алганга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [736-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-736)  
Кийинки берене: [7362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7362)
