# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 5-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 35-статьянын 3-пунктунда "мыйзам тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 38-статьяда "көрсөтүүчүнүн банктык аманат китепчеси," деген сөздөр алып салынсын;

3) 49-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "жана проценттерин" деген сөздөр ", проценттерин же болбосо башка төлөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "талап кылуучу же өздүк болушу мүмкүн" деген сөздөр "өздүк болуп саналат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацында экинчи сүйлөм алып салынсын;

5) 726-статьяда:

а) берененин аталышында "проценттер" деген сөздөн кийин "же болбосо башка төлөмдөр" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-пунктта:

биринчи сүйлөм "процент" деген сөздөн кийин "же болбосо башка төлөм" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи сүйлөм алып салынсын;

в) 2-пунктта:

"эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага" деген сөздөр алып салынсын; "процентсиз" деген сөздөн мурда "карыздын суммасы төлөнбөстөн" деген сөздөр менен толукталсын;

г) үчүнчү бөлүк "процент" деген сөздөн кийин "же башка төлөм" деген сөздөр менен толукталсын;

д) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 727-статьянын 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "процентке берилген" деген сөздөр "процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 34-главадагы § 2 төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"§ 2. Кредит

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-4)  
Кийинки берене: [734-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-734)
