# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111844)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487#diff=1257207..1257208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 3-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-3

---

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат.

3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучунун статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшү/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт. Сот жана жоюучу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат.

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин: 2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом. Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт. Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет. (КР 2018-жылдын 10-декабрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-4)
