# 98-берене. Банктын акционерлеринин реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 98-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-98

---

1. Банктын акционерлеринин реестри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу - көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан жүргүзүлөт.

2. Банктын акционери акцияларга менчик укугунун өтүшүн каттоого байланышкан бардык өзгөрүүлөр тууралуу көз карандысыз реестр кармоочуга маалымдоого милдеттүү.

3. Көз карандысыз реестр кармоочу акционерлер реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу банкка, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө маалымдоого милдеттүү.

4. Улуттук банктын жана банктын талабы боюнча аларга көз карандысыз реестр кармоочу банктын акционерлеринин реестриндеги ар кандай маалыматты берүүгө милдеттүү.

5. Банк Улуттук банк белгилеген тартипте акционерлердин юридикалык ишин түзүүгө милдеттүү.

6. Банктын акционерлери юридикалык ишке киргизүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тизме боюнча жана көлөмдө банкка маалымат берүүгө милдеттүү.

Банк тарабынан суралган маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда Улуттук банк акционерден ага тиешелүү акцияларды аны менен байланышы жок жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууну талап кылууга укуктуу. Мындай болбосо Улуттук банк ошол акционердин акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу жөнүндө өтүнүчү менен сотко кайрылат.

7. Эгерде банктын капиталында олуттуу катышууга ээ болуу, өзгөртүүлөр же ээликтен ажыратуу фактысы жөнүндө ага маалым болсо, банк дароо бир жумуш күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-99)
