# 97-берене. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 97-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-97

---

1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу банкты башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Банктын акционерлери банк ишинин коопсуздугу, таза жана ишенимдүү иштөөсү максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-эстүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чакырылат жана өткөрүлөт.

4. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу, эгерде анда акционерлер же уставдын талабына ылайык банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын алтымыштан ашык пайызына ээ болгон мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу деп таанылат.

Кворум жок учурда банктын Башкармалыгы бир айлык мөөнөттө акционерлердин жалпы чогулушун кайталап чакырууга милдеттүү, ал эгерде анда акционерлер же банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын кырк пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп эсептелет.

5. Кворумду эсептөөдө жана добуш берүүдө ушул Мыйзамдын 86 жана 146-беренелеринин жоболору эске алынат.

6. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу милдеттүү чакырылат, эгерде:

1) банктын капиталы Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе;

2) Директорлор кеңешинин курамында бош орун пайда болуп, кворум жок болсо;

3) тышкы аудитор келишимди бузса же башка себептер боюнча аудитти улантууга мүмкүнчүлүгү жок болсо.

7. Улуттук банк тарабынан аныкталган күн тартибинде жана көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок Улуттук банк мындай талап койгон күндөн тартып он күн өткөндөн кийин ал акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын чакырууну талап кылууга укуктуу.

8. Улуттук банк акционерлердин алдыдагы жалпы чогулушу боюнча кандай маалыматты болбосун талап кылууга укуктуу.

9. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары банкта Убактылуу администрация режиминин киргизилишине байланыштуу чектелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-98)
