# 94-берене. Банктардын союздары, ассоциациялары жана бирикмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 94-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-94

---

1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды көздөө, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригип, союздарды, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

2. Банктардын бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

3. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана башка бирикмелери өздөрүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш.

4. Банктарга өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык ставкаларды, тарифтерди жана комиссиялык акыны белгилөө маселелеринде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-95)
