# 93-берене. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 93-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-93

---

1. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен чет өлкөлүк банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.

2. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартибин жана алардын ишине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

3. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялайт.

4. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт.

5. Өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра чакыртып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-94)
