# 92-берене. Банктын өкүлчүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 92-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-92

---

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын таламында өкүлчүлүктү ишке ашырган, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банктык операцияларды эске албаганда, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген аракеттерди жасаган банктын өзүнчө бөлүмү өкүлчүлүк болуп саналат.

2. Өкүлчүлүккө банктын мүлкү берилет, ал банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Банк өз өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчиликтүү болот.

3. Банкын өкүлчүлүгүн каттоо тууралуу банк беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.

4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт.

5. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачуу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра чакыртып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-93)
