# 87-берене. Банк тарабынан түзүлгөн резервдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 87-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-87

---

1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдардын ордун өз учурунда жабуу үчүн банк тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырууга милдеттүү.

2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында насыялар боюнча тобокелдиктерди жана башка тобокелдиктерди өзүнө камтыган активдер боюнча келип чыгышы ыктымал болгон банктын сарптоолоруна чегерилүүчү чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервдердин өлчөмүн, аларды түзүү тартибин жана эсептөө ыкмаларын аныктоого укуктуу.

3. Өз ишинде контролдукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу максатында, жүргүзүлүп жаткан операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша, банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык капиталдык жана башка резервдерди түзөт.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-88)
