# 84-берене. Банктын капиталы жана акциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 84-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-84

---

1. Банктын капиталы анын пайда алуу менен туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн банк ишине мүнөздүү болгон потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууну камсыз кылуу үчүн кызмат кылат, кардарлардын банкка карата ишенимине кепил катары эсептелет жана банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары кызмат аткарат.

2. Улуттук банк көзөмөл жүргүзүү максатында банктын капиталынын өлчөмүн, анын түзүмүн аныктайт, ошондой эле банкка карата экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.

3. Банктын капиталынын өзөгүн толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банктын капиталынын курамына акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча банктын милдеттенмелери болбогон жана Улуттук банктын талабына ылайык келген уставдык капитал гана кирет.

4. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана акционерлердин (уюштуруучулардын) акча каражаттарынын эсебинен гана накталай эмес таризде түзүлөт. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

5. Банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

Көңүл буруңуздар! КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык 84-берененин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

6. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен акциялардын эмиссиясын жүзөгө ашырат.

7. Ушул Мыйзамда каралган банкты кайра түзүмдөштүрүү же өзгөртүп түзүү, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн пайданы банктын уставдык капиталын толуктоого же багыттоо учурларды кошпогондо, банктын уставдык капиталын топтоодо же өлчөмүн көбөйтүүдө акцияларды төлөө акча каражаттары менен гана ишке ашырылат. Банктын уставдык капиталынын өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер менен топтоого же көбөйтүүгө жол берилбейт.

8. Банк жеке өзүмдүк гана акцияларды чыгара алат. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Артыкчылыктуу акциялардын көлөмү банктын уставдык капиталынын жыйырма беш пайызынан ашпоого тийиш.

9. Банк өз акцияларын күрөөгө кабыл алууга укугу жок.

10. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин банк, Улуттук банкта ачылуучу эсепке минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө каражат салууга милдеттүү.

11. Жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддер акционерлерге төлөнө тургандыгына кепилдик берүүгө банкка тыюу салынат.

12. Улуттук банк төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөөгө тыюу салууга же чектөөгө укуктуу:

1) эгерде бул банк тарабынан экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;

2) эгерде банктын капиталынын шайкештик коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо;

3) эгерде потенциалдуу жоготууларды жана чыгым тартууларды жабуу резервдери Улуттук банктын талабына ылайык түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө;

4) эгерде банктын өткөн жылдар жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымы бар болсо;

5) эгерде банктын финансылык абалы начарласа;

6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-85)
