# 82-берене. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181074..1181075>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 82-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-82

---

1. Банктын уюштуруучулары банк операцияларын жүргүзүү укугуна (мындан ары - лицензия) лицензия алуу үчүн уруксаттын колдонулуу мөөнөтү ичинде лицензия берүү арызы менен Улуттук банкка кайрылат. Арызга документтер жана төмөнкү талаптардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш:

1) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн болушу;

2) минималдуу уставдык капитал толук төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоо;

3) банк жайгашкан имарат жайдын жана жабдуулардын Улуттук банк белгилеген коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу;

4) алдыдагы финансылык жылга көз карандысыз тышкы аудиторду тандоо;

5) Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу органдарынын жана персоналынын (кызмат адамдарынын) болушу;

6) банктын бизнес-планынын, бардык негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу;

7) ишти баштагандан кийин капитал боюнча Улуттук банктын бардык ченемдерин жана талаптарын сактагандыгы тууралуу маалыматтарды берүү;

8) ички контролдук тутумдун, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын, мүлктү камсыздандыруунун болушу;

9) банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалымат тутумдарын жана коопсуздук тутумдарын ийгиликтүү тестирлөө;

10) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөө;

11) Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төлөмүн төлөө.

2. Улуттук банк лицензия берүү жөнүндө арызды алты айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Улуттук банк кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Улуттук банк төмөнкү учурларда, баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:

1) лицензия берүү жөнүндө арыз, уруксаттын мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;

2) берилген документтер жана маалыматтар ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

3) ушул Мыйзамга ылайык, уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкса.

4. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда берилген документтер кайтарылбайт.

5. Лицензия Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет. Лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси кошо тиркелет.

6. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу тартиби, ислам банктарынын жана "ислам терезесине" ээ болгон банктардын статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

7. Лицензия Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат, чектелбеген колдонуу мөөнөтүнө ээ, жеке өзүмдүк (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес. Лицензиясыз банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат.

8. Улуттук банк лицензиясы бар банктардын реестрин жүргүзөт. Банктардын реестринен алынган маалыматтар Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-83)
