# 8-берене. Келишимдерге карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 8-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-8

---

1. Кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Шариат стандарттарына да ылайык келүүгө тийиш.

2. Келишимдердин тексттери бирдей көлөмдөгү шрифттер менен жазылып, кардардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн өтө так баяндалып жана жеткиликтүү болууга тийиш. Келишимдин тексти кардар менен макулдашуу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. Зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-9)
