# 79-берене. Банкты уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 79-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-79

---

1. Банк ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштурулат.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүчү жеке адамдар жана/же юридикалык жактар банктын уюштуруучулары боло алышат.

3. Төмөнкүлөр банктын уюштуруучулары боло алышпайт:

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган же тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же болбосо катышуучу катары аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар.

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат: юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; ошол эле бир юридикалык жак аларда олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;

2) аларга карата Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү болгон Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар орун алып турган мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар;

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды беришкен, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;

4) банктын акцияларын сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын мыйзамдуу булактарын, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте, тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык өздөрүнө карата тыюу салуулар же чектөөлөр бар болгон жеке жана юридикалык жактар.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар тарабынан банктардын акцияларынын сатылып алынышына байланышкан бүтүмдөр жараксыз бүтүмдөр болуп саналат.

5. Уюштуруучулар - банктык жана/же финансылык иш жүргүзбөгөн юридикалык жактар, кандай түрдө болбосун добуш берүүчү акциялардын жыйырма же андан көп пайыздарына тике же кыйыр түрдө ээлик кыла албайт же башкара албайт же банкты контролдой албайт. Финансылык иштин жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу иштин түрлөрү, критерийлери Улуттук банк тарабынан аныкталат.

6. Банктын уюштуруучуларына карата банктын капиталына чектик катышууга ээ болуу боюнча ушул Мыйзамдын талаптары колдонулат.

7. Банктын уюштуруучулары үчүн белгиленген чектөөлөр банктын акционерлерине да тиешелүү.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-80)
