# 74-берене. Улуттук банктын кызматчыларын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн укуктук жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 74-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-74

---

1. Улуттук банктын кызматчылары, Убактылуу администрация жетекчиси жана анын өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын көздөгөн башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды укук чегинде аткаруунун жүрүшүндөгү чыгашалар үчүн кайсы жактын алдында болбосун, жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укукка жатпаган ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор Улуттук банкка карата гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу.

2. Улуттук банк соттордо жана укук коргоо органдарында өз эсебинен зарыл болгон чыгашаларды төлөө, же болбосо кызматкерлер тарткан чыгашаларды компенсациялоо аркылуу өз кызматкерлерин укуктук жактан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

3. Улуттук банк банкка карата таасир этүү чараларын укук чегинде колдонуунун жана ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-75)
