# 73-берене. Купуя маалыматтарды коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 73-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-73

---

1. Улуттук банк кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды коргоо тутумуна ээ болууга милдеттүү.

2. Улуттук банктын кызматчыларына кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-74)
