# 72-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 72-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-72

---

1. Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилүүчү кызмат орундарынын тизмегине ылайык Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга;

2) Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктарда же башка юридикалык жактарда кызмат орундарын ээлөөгө;

3) башка уюмдарда, анын ичинде ишин айкалыштыруу менен иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (буга окутуучулук, илим-изилдөө жана чыгармачылык иштери кирбейт).

Мындай тыюу салуу Улуттук банк катышуучу болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын таламында иш алып барган Улуттук банктын расмий өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык финансы-насыя жана башка уюмдарда постторду жана кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга жайылтылбайт;

4) банктардан жана микрофинансылык уюмдардан насыяларды алууга;

5) эгерде бул таламдардын каршы келүүсүнө алып келүүсү мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы, Улуттук банкта иштеп жаткан мезгилде, ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү;

6) ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктагы үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга.

2. Ушул беренеде Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, эмгек милдеттерин одоно бузууга алып келет.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-73)
