# 71-берене. Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 71-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-71

---

Улуттук банктын Башкармалыгы өз кызматчыларын социалдык жактан коргоо максатында өз каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Улуттук банктын кызматчыларынын өмүрүн камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну, кошумча пенсия менен камсыз кылууну уюштурууга. Кызматчылардын айрым категориялары Улуттук банктын Башкармалыгы бекитүүчү тизмеге ылайык милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш;

2) Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак-жай ссудаларын, керектөө насыяларын берүүнү жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну уюштурат;

3) Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоонун башка чараларын (социалдык пакет) көрөт.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-72)
