# 70-берене. Улуттук банктын кызматчылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 70-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-70

---

1. Улуттук банктын бардык кызматкерлери, анын ичинде Башкармалыгынын төрагасы, төраганын орун басарлары жана мүчөлөрү, Улуттук банктын кызматчылары болуп саналат.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын кызматчыларына карата коюлган квалификациялык талаптар жана ишке кабыл алуунун башка шарттары Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталат.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын кызматчыларына эмгек акы төлөө тутуму жана тартиби, финансы рыногунда атаандаша алган эмгек акыларды эске алуу менен Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан белгиленет.

4. Улуттук банктын кызматчылары этикалык жүрүм-турум принциптерин сактоого жана таламдардын кагылышуусунун пайда болушуна себепкер болчу ар кандай учурлардан качууга тийиш.

5. Улуттук банк таламдардын кагылышуусунун мониторингин жүргүзүү максатында өз кызматкерлери жана алардын жакын туугандары боюнча маалымат базасын түзүүгө укуктуу. Таламдардын кагылышуусун аныктоо жана аны четтетүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Улуттук банк мындай маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

6. Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу укуктук жактан корголушу жана жоопкерчилиги ушул Мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-71)
