# 7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 7-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-7

---

1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын жүйөсү болушу мүмкүн эмес.

2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча кандай гана келишим болбосун, аны түзгөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кардар толук, ачык маалыматтар менен камсыз болууга тийиш.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти кардар толук түшүнгөндүгүнө ынанууга милдеттүү.

4. Пайыздык ставкалар жана валюта алмашуу курсу жөнүндө маалыматтарды эске албаганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында болбосо интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында дайыма жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык ставкалардын жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат дароо жарыяланат.

5. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-8)
