# 67-берене. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 67-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-67

---

1. Улуттук банктын Башкармалыгынын иши дайыма, бирок айына бирден кем эмес жыйын өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.

2. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйыны Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) болуп саналат. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

3. Каралып жаткан маселе боюнча таламдардын кагылышуусу келип чыккан учурда Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок.

4. "Каршы" добуш берген Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарынын же Башкармалыгынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири милдеттүү түрдө Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколуна жазылат. Добуш берүүдө калыс калууга жол берилбейт.

5. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынына катышпай калган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөлөрү жыйындын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюп берүү аркылуу таанышып чыгууга милдеттүү.

6. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасы алып барат. Ал жок учурда Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.

7. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын токтомдору түрүндө таризделет.

8. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу, Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармалыгынын Регламенти менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-68)
