# 65-берене. Улуттук банктын төрагасын, анын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуунун негиздери жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 65-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-65

---

1. Улуттук банктын төрагасы, төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматтарынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат:

1) өз арызы боюнча;

2) медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;

3) каза болгондугуна, же болбосо дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу;

4) соттун айыптаган өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу;

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу;

6) Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсүнүн статусуна шайкеш келбеген иш-аракеттерди жасаган учурда же ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда, Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча;

7) кызмат ордун ээлөө талаптарына ылайык келбесе.

2. Улуттук банктын төрагасы ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.

3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат.

4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди тиешелүү түрдө алардын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейинки бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматтан бошотулган учурда, бул адамдар бошотулган учурдан тартып он беш жыл аралыгында Улуттук банкта кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-66)
