# 61-берене. Башкаруу органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 61-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-61

---

1. Улуттук банктын башкаруу органы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Улуттук банктын Башкармалыгы - жогорку башкаруу органы;

2) Улуттук банктын төрагасы - жогорку аткаруучу кызмат адамы.

2. Улуттук банктын Башкармалыгы - Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялуу орган.

3. Улуттук банктын Башкармалыгынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын үч орун басары жана Улуттук банктын Башкармалыгынын үч мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармалыгы туруктуу негизде иштейт.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-62)
