# 6-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 6-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-6

---

1. Банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын (банктык кызмат көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган юридикалык жактар, жеке жактар, жеке ишкерлер түшүнүлөт.

2. Кардарлар финансы-насыялык уюмдарды жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өз эркинче тандашат. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар, кардардын талабы боюнча уюштуруу документтери, уруксат документтери жана финансылык отчеттору менен таанышуусу үчүн кардарга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.

Ушул главанын жоболору өз ишин банк иши жана каржылоо ислам принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга дагы банк иши жана каржылоо ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-7)
