# 58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 58-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-58

---

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармалыгына ички контролдун талаптагыдай тутумун камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыз кылууга көмөктөшүү эсептелет.

2. Аудит боюнча комитеттин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:

1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;

2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө;

3) бухгалтердик эсептин стандарттарынын адекваттуу колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү;

4) тышкы аудиторду бекитүү жагынан Улуттук банктын Башкармалыгына сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү.

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармалыгы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармалыгы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер кириши мүмкүн.

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Мыйзамда Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-59)
