# 56-берене. Улуттук банктын тышкы аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 143 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181081..1181082>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 56-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-56

---

1. Улуттук банктын тышкы аудити ар жылдагы негизде аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети бекиткен тартипте өткөрүлүүчү тендердин жыйынтыгы боюнча финансылык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен, аудитордук уюмду карайт жана бир жылдык мөөнөткө бекитет. Аудитордук уюм эл аралык деңгээлде таанылган абройго жана борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча кеминде беш жылдык тажрыйбага ээ болууга тийиш. Бир эле аудитордук уюм катары менен эки жолудан ашык каралбайт жана бекитилбейт.

3. Улуттук банкка тышкы аудит Кыргыз Республикасындагы Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде (Мамлекеттик бирдиктүү реестр) катталган аудитордук уюм тарабынан да Мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталбаган, бирок ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруучу чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиялары Кыргыз Республикасынын аймагында мындай лицензиянын легитимдүүлүгү ырасталганда таанылат.

4. Улуттук банк аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык ага эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл отчетторду жана маалыматтарды берет.

5. Улуттук банкка тышкы аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы Улуттук банктын өз каражатынын эсебинен төлөнөт.

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-57)
