# 55-берене. Улуттук банктын финансылык отчету

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 55-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-55

---

1. Улуттук банк Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен банктын операцияларын жана финансылык абалын чагылдырган туруктуу эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.

2. Улуттук банктын финансылык жылы 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы мезгил аралыгы деп белгиленет.

3. Улуттук банк жыл сайын Улуттук банктын балансынан жана ага байланыштуу башка отчеттордон турган финансылык отчетту даярдайт.

4. Улуттук банктын балансынын түзүмү Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан белгиленет. Улуттук банктын жылдык финансылык отчету көз карандысыз аудиттик текшерүүдөн өткөндөн жана Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жарыяланат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-56)
