# 54-берене. Улуттук банктын отчету жана маалыматы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 54-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-54

---

1. Улуттук банктын төрагасы отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Улуттук банктын иши жөнүндө жыл сайын отчет берет.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечикпеген мөөнөттө Улуттук банктын төрагасынын жылдык отчетун угат.

3. Улуттук банктын төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Улуттук банктын укуктук статусун эске алуу менен ишке ашырылат.

4. Улуттук банктын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Улуттук банктын аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетун;

2) Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши жөнүндө маалыматтарды;

3) Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган башка маалыматтарды.

5. Улуттук банк жыл сайын жылдык отчетту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм тутумдарынын абалына тиешелүү негизги талдоо маалыматтарын Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялап турат.

6. Улуттук банк акча-насыя саясатынын негизги багыттары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк секторун жана төлөм тутумун өнүктүрүү маселелери, анын ичинде банктык каржылоонун ар кандай формалары жана принциптери боюнча расмий маалыматтарды жылына кеминде эки жолу жарыялап турат.

---

Мурунку берене: [53-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-2)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-55)
