# 53-берене. Банктарга берилүүчү насыялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 53-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53

---

1. Банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардын ликвиддүүлүгүн сактоо максатында Улуттук банк банктарга улуттук валютада насыяларды акы төлөө шарты менен камсыздоонун төмөндөгү түрлөрүнүн бири болгондо берүүгө укуктуу:

1) алтын жана башка баалуу металлдар;

2) чет өлкөлүк валюта;

3) Улуттук банктагы же башка насыялык уюмдагы депозиттер;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;

5) камсыз кылуунун башка түрлөрү.

2. Банктын камсыз кылуунун башка түрлөрү катары сунушталган активдердин жетиштүүлүгү жана алгылыктуулугу Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталат.

3. Насыялардын түрү, аларды берүү шарттары жана тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4. Овердрафт түрүндө насыяларды берүүгө тыюу салынат.

5. Улуттук банк активдер, анын ичинде насыялар боюнча ыктымалдуу чыгымдардын ордун жабуу үчүн Улуттук банктын сарптоолоруна тиешелүү атайын резервдерди (корлорду) түзөт.

6. Банктарга насыяларды берүү ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-52)  
Кийинки берене: [53-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-1)
