# 53-2-берене. Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн лицензиялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 111-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 53-2-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-2

---

1. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларына ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн банк операцияларынын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна лицензияны атайын жөнгө салуу режиминин алкагында аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иштин максаттарына жана түрлөрүнө ылайык берет.

2. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмегин жүргүзүү укугуна лицензия контролдонуучу чөйрөнүн шарттарына жараша банк операцияларынын тизмеги боюнча, аймагы боюнча чектөөлөрдү жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында башка чектөөлөрдү карайт, чектелген колдонуу мөөнөтүнө ээ, жеке энчилүү (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жатпайт.

3. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, токтото туруу, чакыртып алуу жана колдонууну токтотуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

(КР 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-1)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-54)
