# 53-1-берене. Атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында убактылуу жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 111-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 53-1-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-1

---

1. Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен байланышкан банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында, Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.

Ушул Мыйзамдын максаттарында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген (аймагы, убактысы, операциялар менен пайдалануучулардын саны жана көлөмү жана башкалар боюнча) контролдонуучу чөйрөдө апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы атайын жөнгө салуу режими деп түшүнүлөт. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүүнүн жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

2. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режимине катышуучу банктардын, банктык эмес финансы-насыя уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишине карата талаптарды белгилейт.

3. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында атайын жөнгө салуу режимдерине катышууга айрым юридикалык жактарга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган преференцияларды берүүгө жол берилбейт.

4. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталышы мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53)  
Кийинки берене: [53-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53-2)
