# 52-берене. Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 52-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-52

---

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумунун ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында банктык көзөмөлдү жүргүзөт жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт.

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөйт.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-53)
