# 51-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181073..1181074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 51-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-51

---

1. Улуттук банк расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт.

2. Төлөм балансын түзүүдө төлөм балансын түзүү боюнча эл аралык методология, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча колдонмо, ошондой эле акча-насыя жана финансы статистикасы боюнча колдонмолор пайдаланылат.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместер төлөм балансын түзүү жана аны болжолдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтарды Улуттук банк тарабынан аныкталган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка өз учурунда берип турууга милдеттүү.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбеши же өз учурунда берилбей калгандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-52)
