# 47-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 47-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-47

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү насыяларды копшогондо, Улуттук банк мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кайсыл максаттарга болбосун насыяларды же башка финансылык же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-48)
