# 46-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 46-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-46

---

1. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде өз ара аракеттенет.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатты эске алат, эгерде Улуттук банктын негизги максаттарына, милдеттерине жана ыйгарым укуктарына карама-каршы келбесе, анын ишке ашырылышына көмөктөшөт.

3. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык жана акча-насыя саясатынын маселелери боюнча бири-бирине өз учурунда маалымдайт жана дайыма өз ара консультацияларды берип турушат.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербеген сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-47)
