# 44-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдары, чет өлкөлөрдүн борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 44-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-44

---

1. Мыйзамдарда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде каралган учурларда Улуттук банк акча-насыя жана валюта саясатына, төлөм тутумуна, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жана анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда республиканын таламында иш жүргүзөт.

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат.

3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык уюмдарынын, эл аралык финансылык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен сырттагы өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сыртта жайгашкан ар кандай уюмдар менен акча-насыя, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында кызматташат.

5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-45)
