# 42-берене. Мамлекеттик органдар жана төлөм тутумун көзөмөлдөөчү чет өлкөлүк органдар менен кызматташуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 42-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-42

---

1. Катышуучулар жана операторлор Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан эл аралык төлөм тутумдарынын ишине карата көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк, зарыл болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин көзөмөлдөөчү органдары жана эл аралык финансылык уюмдар менен эриш-аркак иш жүргүзөт.

2. Улуттук банк төлөм тутумдарына көзөмөл жүргүзүүчү чет өлкөлүк органдар менен чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнүн стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу, ошондой эле тиешелүү юрисдикцияларда иштеп жаткан ар кандай төлөм тутумуна тиешелүү маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-43)
