# 4-берене. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 4-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында салттуу түрдөгү банктык иш жана насыялоо менен катар эле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери колдонулат.

2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилөөчү эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу принциптери жана эрежелери.

3. Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-5)
