# 36-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта түрүндөгү операциялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 36-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-36

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта түрүндөгү эсептешүүлөр жана төлөмдөр Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес түрдө улуттук жана/же чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана алар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ болгон банктарда, адистештирилген финансылык жана финансы-насыялык мекемелерде, микрофинансылык компанияларда, микронасыялык компанияларда, насыялык союздарда жана алмашуу бюролорунда (ыйгарым укуктуу жактарда) гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

Алмашуу бюросу - бул Улуттук банктын лицензиясына ылайык накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайы жабдылган пункт. Улуттук банк жана/же чет өлкөлүк накталай жана накталай эмес валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле ыйгарым укуктуу жактарга карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.

3. Ыйгарым укуктуу жактар чет өлкөлүк валютада операцияларды жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка беришет, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан операциялардын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-37)
