# 34-берене. Улуттук банктын валюталык операциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 34-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-34

---

1. Улуттук банк ар кандай валюталык операцияларды, анын ичинде валюта рыногунда баалуу металлдарды жана чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды ишке ашырат, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруу, акча-насыя саясатын жүргүзүү, өз ишин жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо максаттары үчүн эч кандай чектөөлөрсүз баалуу металлдарды жана кайсыл валюта болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга ыйгарым укуктуу.

2. Улуттук банк чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө рыноктук курс боюнча келишимдик негизде сатууга укуктуу.

3. Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда (банктар аралык валюта биржасында) операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-35)
