# 32-берене. Накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 32-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-32

---

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу максатында:

1) акча белгилерин чыгарууга болгон керектөөнү болжолдойт жана алардын даярдалышын камсыздайт;

2) акча белгилеринин резервдик фонддорун түзүүнү камсыз кылат, аларды даярдоого заказдарды даярдайт жана жайгаштырат;

3) банктар үчүн накталай акча белгилерин сактоонун, ташуунун жана инкассациялоонун тартибин жана талаптарын белгилейт;

4) банктар үчүн жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

5) акча белгилеринин төлөөгө кудуреттүүлүгүн аныктоо тартибин белгилейт;

6) акча белгилеринин коргоо мүнөздөмөлөрүн жана аларды алмаштыруу тартибин, ошондой эле жүгүртүүдөн алынган акча белгилерин жок кылуу тартибин аныктайт;

7) накталай акчаны жүгүртүүнү уюштуруунун эл аралык практикада кабыл алынган башка ыкмаларын жана механизмдерин колдонот.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-33)
