# 31-берене. Төлөм каражаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 31-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-31

---

1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эч кандай чектөөлөрсүз, төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш болгон бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишимдерди копшогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы, ошондой эле аларды атайылап жок кылып же жарнамалык жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Акча белгилерин жасалма жасоо жана мыйзамсыз даярдап чыгаруу, ошондой эле акча белгилерин санкциясыз эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-32)
