# 24-берене. Акча-насыя саясаты жана финансылык туруктуулукту камсыздоого көмөктөшүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 24-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-24

---

1. Акча-насыя саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Акча-насыя саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.

2. Макропруденциалдык жөнгө салууну кошо алганда, Улуттук банк өз алдынча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракетте Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыздоого багытталган чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар финансылык туруктуулукка баа берүү, талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн макропруденциалдык көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча зарыл маалыматтарды Улуттук банкка Улуттук банк аныктаган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө өз учурунда берип турууга милдеттүү.

4. Бул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбегендиги же болбосо өз учурунда бербегендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-25)
