# 23-берене. Улуттук банктын пайдасы жана резервдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2020 года № 78 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112095)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2020 [Закон КР от 18 июля 2020 года № 78 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112095); 02.04.2018 [Закон КР от 2 апреля 2018 года № 34 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111767)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181077..1181078>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 23-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-23

---

1. Улуттук банктын пайдасы ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен ошол мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин финансылык жылдын натыйжалары боюнча аныкталат.

2. Алтын-валюта активдерди жана милдеттенмелерди кайрадан баалоо алтын-валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдин эсебиндеги капиталда чагылдырылат.

3. Эгерде активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыкка ээ болсо, анда бүтүндөй терс калдык ошол мезгилдин чыгашаларына чегерилип, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылган бөлүштүрүлүүчү пайданы эсептөөдө эске алынууга тийиш.

4. Улуттук банктын ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:

1) эгерде финансылык жылдын натыйжалары боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет. Республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүдөн кийинки пайданын калдыгы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат;

2) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызына барабар болсо же андан ашса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жүз пайызы чегерилет.

5. Пайданы чегерүү финансылык жыл бүткөндөн кийин көз каранды эмес тышкы аудит жүргүзүлүп, жылдык отчет Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин максаттарында Улуттук банктын монетардык милдеттенмелерине төмөнкүлөр киргизилет:

1) Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарган банкноттор жана монеталар;

2) акча-насыялык жөнгө салуу өбөлгөлөрү боюнча финансылык милдеттенмелер;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында башка финансылык милдеттенмелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Улуттук банкта ачылган эсептери;

4) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери.

7. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен Улуттук банк милдеттүү резерв менен орду жабылбаган чыгымга дуушар болсо, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уставдык капиталды ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмгө чейин толуктоо үчүн Улуттук банкка он эки айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түздөн-түз акча каражатын которуу аркылуу ошол чыгымдын ордун жабат.

(КР 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34, 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-24)
