# 22-берене. Улуттук банктын капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 22-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-22

---

1. Улуттук банктын капиталы уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан же чыгымдан турат.

2. Улуттук банк 2 (эки) миллиард сом өлчөмүндөгү уставдык капиталга ээ. Улуттук банк өзүнүн уставдык капиталын ажыратып ала албайт же күрөөгө коё албайт.

3. Улуттук банктын уставдык капиталынын суммасын көбөйтүүнү же азайтууну ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен туруп, ишке ашыруу мүмкүн эмес.

4. Милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдер ушул Мыйзамга ылайык түзүлөт. Милдеттүү резервдер ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банктын чыгымдарынын ордун жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

5. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул Мыйзамга ылайык пайданы бөлүштүргөн же чыгымды төлөгөн учурга чейин финансылык жылдын ичинде болгон кирешелердин жана чыгашалардын ортосундагы айырма катары аныкталат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-23)
