# 206-берене. Апелляциялык жана көзөмөлдүк инстанциядагы соттогу иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 206-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-206

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечими апелляциялык же көзөмөлдүк тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык тартипте биринчи инстанциядагы соттун чечимин кайра карап чыгууга жол берилбейт.

2. Апелляциялык даттанууну карап чыгуу боюнча соттун апелляциялык инстанциясынын токтому келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен иш менен биргеликте сотко берилет.

3. Соттун апелляциялык инстанциясы төмөнкү чечимдерди кабыл алат:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөрүүсүз, ал эми даттанууну канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен жокко чыгаруу жана жаңы чечимди кабыл алуу тууралуу.

Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңы кароого сунуштоого жол берилбейт. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана ал кабыл алынган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө көзөмөлдүк тартипте даттанууга болот.

4. Көзөмөлдүк даттанууларды кароо боюнча соттун көзөмөлдүк инстанциясынын токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген иш менен биргеликте келип түшкөн күндөн тартып жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкү токтомдорду кабыл алат:

1) көзөмөлдүк даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жана биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтыруу тууралуу;

2) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана маңызы боюнча жаңы чечимди кабыл алуу тууралуу.

Төмөн турган инстанциядагы соттордун чечимин жокко чыгарууга жана ишти кайрадан кароого жөнөтүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому кабыл алынган учурдап тартып күчүнө кирет жана ага даттанылбайт.

6. Көзөмөлдүк даттануу өндүрүшкө кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлдүк даттануу каралганга чейин карызкор банктын активдерин ээликтен ажыратууга байланыштуу кайсы болбосун аракеттерди жоюучу тарабынан аткарылышына тыюу салуу жөнүндө аныктамасын чыгарууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-207)
