# 200-берене. Арызды кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 200-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-200

---

1. Сот ушул главада каралган талаптарды сактоо менен берилген Улуттук банктын арызын өндүрүшкө кабыл алууга милдеттүү.

2. Сот арыз келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама чыгарат, ал иш боюнча тараптарга дароо жөнөтүлөт.

3. Сот арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндөгү аныктамада, ишти соттун жыйналышында териштирүүгө коюу жөнүндө, аны өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтөт.

4. Сот тарабынан Улуттук банктын арызы кабыл алынган учурдан тартып банктын карыздарын төлөөгө, активдерине камак салууга жана мүлкүн өндүрүүгө тиешелүү бардык соттук жана башка мажбурлоо аракеттерин аткарууга жол берилбейт.

5. Арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамага даттанылбайт.

6. Арыз сот тарабынан соттук ишке кабыл алынган учурда Улуттук банктын ушул мыйзамга ылайык күчүнө кирген чечимдерине даттануу же кайра кароо жөнүндө кайсы болбосун жактардын кайчы жана/же өз алдынча койгон талаптары кароого кабыл алынбайт.

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-201)
