# 20-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 20-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-20

---

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык, анын ичинде Базель комитетинин стандарттарын эске алууга укуктуу.

2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Реестрине киргизилүүгө тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактардын таламдарын, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга түздөн-түз тиешеси бар Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Улуттук банктын расмий басылмаларына жана расмий интернет-сайтына расмий жарыяланууга тийиш.

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын расмий чечмелөө (түшүндүрмө берүү) тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-21)
