# 2-берене. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 2-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары - Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму.

2. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдардын ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер келип чыккан учурда банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

3. Банктык укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-3)
