# 199-берене. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын сотко арызы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 199-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-199

---

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) жоопкер банктын аталышы, анын почта жана юридикалык дареги;

3) ушул мыйзамда каралган лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиздер;

4) ишти туура чечүү үчүн башка маалыматтар;

5) тиркелүүчү документтердин тизмеси.

2. Арыз ээси арыздын көчүрмөсүн жоопкер банкка жөнөтүүгө милдеттүү.

3. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету;

2) лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечиминин көчүрмөсү;

3) лицензияны кайра чакыртып алуунун негиздүүлүгүн тастыктаган башка зарыл документтер.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-200)
